• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте баштапкы капиталы $50 млн түзгөн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду салтанаттуу ачылды

Экономика 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-апрелде "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын вице-премьер-министри – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун катышуусунда баштапкы капиталы 50 млн долларды түзгөн Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы өтүп жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Жапаров өз сөзүндө бүгунку иш-чара достуктун, ынак коңшулуктун жана стратегиялык өнөктөштүк духунда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн айкын мисалы экенин белгиледи.

"Өзбекстан Кыргызстандын соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири. Бирок бүгүнкү күндө кызматаштык мүмкүнчүлүк толугу менен ачылган эмес", - деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 11-12-мартында Өзбекстанга жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкө башчыларынын ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында бүгүнкү күндө аймактык экономикалык интеграция активдүү өнүгүп жатканын белгиледи.

"Ошол эле учурда биз жергиликтүү рынок менен чектелбестен, тескерисинче, дүйнөлүк суроо-талаптын алкагында экономикалык потенциалыбызды ишке ашырууга умтулуп жатабыз", - деди ал.

Эске салсак, фондду түзүү боюнча документке тараптардын мамлекеттеринин чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ортосундагы соода-инвестициялык жана каржылык мамилелерди тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө эки тараптын кызыкчылыгынын негизинде кол коюлган.

Фонд Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, мүмкүнчүлүктөрдү натыйжалуу пайдалануу максатында түзүлгөн.

Ошентип, фонддун милдеттери, функциялары, түзүмү жана иштөө тартиби, ошондой эле анын башкаруу органдарынын компетенциялары жана ыйгарым укуктары устав менен аныкталат.

Фонддун башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан, өз кезегинде фондду башкарууну Фонддун кеңеши жана башкармалыгы ишке ашырат.

Фонд КРнын аймагында долбоорлорду ишке ашыруу максатында эл аралык уюмдар, корпорациялар жана өнүктүрүү институттары менен өз ара аракеттенет, ошондой эле фонд тарабынан колдоого алынган долбоорлорго техникалык жардам көрсөтөт.

Пикир

Оставить комментарий