• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте баштыкка салынган ымыркайдын сөөгү табылды

Коом 0

Бишкек, 19.10.21. /Кабар/. Бишкекте баштыкка салынган ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматына караганда, 17-октябрда саат 11:55тер чамасында милициянын нөөмөт бөлүмүнө “Аламедин-1” кичирайонунун аймагынан баштыкка салынган ымыркайдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт райондук милициянын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 150-беренеси (“Коркунучта калтыруу”) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгы менен иликтенип жаткан иш боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.

Азыркы учурда тергөө жана ыкчам-издөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий