• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте баскетбол боюнча IV ачык мелдеш өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 26.08.17. /Кабар/. Бишкек эски аянтта баскетбол боюнча КРнын IV “3х3 Bishkek Open 2017” ачык чемпионаты өтүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэрисынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, мелдештин ачылыш аземинде вице-мэр Айгүл Рыскулова, КРнын баскетбол федерациясынын президенти Бактияр Кадыров, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын спортчулары катышты.
Вице-мэр Айгүл Рыскулова спортчуларга ийгилик каалап, мелдешти колдогондордун ардыгына ыраазычылык билдирип өттү.
Мелдеш кыргыз баскетболунун 90-жылдыгына арналат
Белгилей кетсек, 1927-жылы Кыргыз ССРинин биринчи спартакиадасына Ош, Ысык-Көл облустарынын, Чүй өрөөнүнүн жана шаардын эркектер жана кыздар тайпалары катышкан. Ошол дата ата мекендик баскетболдун жаралышынын расмий датасы болуп эсептелинет.

Пикир

Оставить комментарий