• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте баскетбол боюнча өлкө биринчилигинин финалдык оюну болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Кечээ, 18-декабрда Бишкекте кыз-келиндер арасында баскетбол боюнча өлкө биринчилигинин финалдык оюну болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында "Бишкек" менен "Газпром" командалары өлкө биринчилигинин алтын медалы үчүн күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында "Бишкек" командасы кыз-келиндер арасында баскетбол боюнча өлкө чемпиону аталды.

Белгилей кетсек, Кыргызстан эгементик алгандан бери Бишкек бир дагы жолу баскетбол боюнча командасы мелдештерге катышкан эмес. Бул жолкуда алгач катышкан команда жеңүүчү деп табылды.

Пикир

Оставить комментарий