• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте бассейндерге түшүү гана коопсуз

Коом 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Бишкекте көлдөргө, көлмөлөргө жана каналдарга сууга түшүүгө болбойт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ӨКМнын Жарандык коргоо жана куткаруу иштерин жүргүзүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Ырысбек Жолдошбаев билдирди.

Анын айтымында, Чоң Чүй каналына, Молодежное, Комсомольское жана башка көлдөргө коопсуздук нормаларынын талапка жооп бербегенине байланыштуу түшүүгө болбойт.

"Ал жактын суусу таза эмес, балырлар бар. Бул адамдардын өлүмүнө алып келиши мүмкүн. Мындай көлдөргө түшүүдө өмүрүңүздөр тобокелге салынат. Себеби аларда эс алууга жана коопсуз сууга түшүүгө шарттар түзүлгөн эмес", - деди Жолдошбаев.

Анын билдиргенине караганда, ӨКМ көзөмөл жүргүзүүчү орган болбогондуктан аталган көлдөргө түшпөө тууралуу буйрук чыгара албайт. Мэрияга айтсак деле алар көлдөрдү жок кыла алышпайт, адамдар сууга түшө беришет.

"Шаарда бассейндерге гана түшүү коопсуз", - деди Жолдошбеков.

Пикир

Оставить комментарий