• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте басып ала турган жер калбай калгандыктан, басып алуу маселеси токтоду – ЖК депутаты

Коом 0

Бишкек, 21-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бишкекте басып алуу маселеси токтоду, себеби басып ала турган жер калбай калды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов галстуксуз жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, басып ала турган жер калбай калгандыктан, басып алуу маселеси жоюлду. “Бишкектин айланасында 48 конуш бар. Алардын көйгөйлөрүн эртедир-кечтир чечүү керек. Бул көп жылдарга кете турган маселе. Аны чечүүнүн жалгыз жолу – инвесторлорду тартып, инфраструктураларды куруу. Жарандарыбыз актыларды алып, бул жерлерге укуктуу болуп саналышат”, - деди М.Аманкулов.

Ал белгилегендей, кезегинде басып алынган 6 миңден ашык жерлер мыйзамдаштырууну талап кылат. “Бирок, 6 миңден ашык адам же тилкелерин алууга кезекте тургандыктарын эстен чыгарбоо керек. Аларды эмне кылыш керек? Себеби, алар эч нерсени басып алышкан эмес, канча жылдан бери мыйзам боюнча күтүп турушат. Эмнеге биз мыйзамсыз басып алынган тилкелерди мыйзамдаштырып, кезекте тургандарга баш тартышыбыз керек?” – деп собол салды М.Аманкулов.

Ошондой эле, ал кезекте тургандардын жер тилкелерине укугу бар экендигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий