• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте батир алдамчылыгы боюнча Карагер каймана аттуу УКТ мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Бишкекте Криминалдык милиция кызматкерлери Карагер каймана аттуу уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча, 2019-жылы 23-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгына 1983-жылы туулган М.Д. аттуу жаран арызы менен кайрылып, 2019-жылы сентябрь айында алдоо жолу менен ээсине айтпастан “Аламедин-1” кичи районундагы батирин сатып жиберген анча тааныш эмес адамга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Аталган факт Ленин райондук ИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Тергөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шаардык милициянын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматкерлери болжолдуу кылмышкердин изине түшүшкөн. Шаардын аймагында ыкчам маалыматты ишке ашырууда мурда бир нече ирет соттолгон, УКТ мүчөсү катары ИИМдин тизмесинде турган, Карагер деген кылмыштуу каймана аты бар 1988-жылы А.А. аттуу шектүү кармалып, тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренеси боюнча ИИББдин абак жайына камалды.

Милициядан азыркы учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тийиштиги бар же жогун аныктоо боюнча тергөө иштери уланып жатканын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий