• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте батирден 54 жаштагы адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. Бишкектеги батирлердин биринен 54 жаштагы адамдын сөөү табылды, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 21-ноябрда болжол менен саат 15:40тар чамасында ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Сүеркулов көчөсүндөгү №7 үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачып беришкен.

"Батирдин ичинде 1964-жылы туулган Ш.А. аттуу эркек адамдын жансыз денеси табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий