• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте батирден 58 жаштагы эркектин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Бишкекте батирден 58 жаштагы эркектин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Куруучулар шаарчасында жайгашкан үйдүн 25А-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1955-жылы туулган К.М. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Куркатуучулар маркумдун сөөгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий