• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте батирден 93 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Бишкекте батирлердин биринен 93 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Октябрь районундагы 11-кичирайонунда жайгашкан үйдүн эшиги ачылбай, бекилип калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Куткаруучулар эшикти ачкан учурда батирдин ичинен 1928-жылы туулган Е.С. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылып, маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий