• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте батирден 76 жаштагы аял кишинин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ленин районунда батирлердин биринен аял кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, ичинен 1944-жылы туулган О.А. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.

Кызматкерлер маркумдун жансыз денесин туугандарына өткөрүп беришкен. 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий