• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте батирлердин биринен 24 жаштагы кыздын сөөгү табылды - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарында батирлердин биринен 24 жаштагы кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Бишкек шаарынын Сыдыков көчөсүндө жайгашкан батирлердин бириндеги бекилип калган эшикти ачышканда, ичинен 1997-жылы туулган К.К. аттуу кыздын сөөгү табылган.

Кийин маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Эшик ачууга Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий