• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте батирлердин биринен пенсионердин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 19.02.21. /Кабар/. Бишкекте 18-февраль күнү саат 20:44тө батирлердин биринен пенсионердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан №72 үйүнүн батиринин жабылып калган эшигин ачышкан. Батирдин ичинен 64 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий