• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте батирлердин биринен пенсионердин сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 23.08.21. /Кабар/. Бишкектин 4-кичи районунда жайгашкан №22А үйүнүн батиринен пенсионердин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, куткаруучулар бекилип калган эшигин ачышканда батирдин ичинен 78 жаштагы М.Р. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.

Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий