• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Баткен облусунда жабыркагандарды дарылоо үчүн дары-дармек жетиштүү

Коом 0

Бишкек, 03.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта жабыркагандарды дарылоо үчүн Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармектер жетиштүү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Атап айтканда, Бишкек травмотолгия жана ортопедия илимий борборунда, Улуттук госпиталда жана Улуттук хирургия борборунда дары-дармектер жетиштүү.

Ага карабастан Бишкектеги 16 медициналык мекеме тарабынан ооруканаларга бекер таратып берүү үчүн антибиотиктер, инфузиондук эритме, ооруну басаңдатуучу дарылар, хирургиялык кол каптар, жарат алган жерди тигүү каражаттары жана башка медициналык каражаттар жыйналган.

Белгилей кетүүчү жагдай, Бишкектеги адистештирилген ооруканалар (хирургиялык, травматологиялык) алардын бекитилген жылдык бюджетине ылайык, дайыма дары-дармектердин жана медициналык багыттагы буюмдардын туруктуу запасын сатып алып турушат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда жетишпеген каражаттар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан чогултулган жана аларга акысыз которулат.

Эске сала кетсек, аскердик кагылышуунун натыйжасында жабыркагандардын баары акысыз дарыланышат. Аларга байланыштуу бардык чыгымдар республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылат.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 173 адам жабыркап, алардын 34ү набыт болгон.

1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 3-майга карата Баткен облусунун бардык райондорунда жана айылдарында, мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал туруктуу. Тараптар мамлекеттик чек ара тилкесинен кошумча күчтөрдү жана каражаттарды өз аймактарына чыгарып кетүү иштерин аякташты.

Пикир

Оставить комментарий