• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте батирден адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Бишкекте батирлердин биринен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24 октябрь күнү Биринчи май районун Юг-2 кичи районунда жайгашкан турак үйдүн батирлеринин биринде куткаруучулар бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1953-жылы туулган Ч.И. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.

Маркумдун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучу тартылды.

Пикир

Оставить комментарий