• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Бексултан Жакиевдин 85 жылдыгына арналган иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-октябрда КР Баатыры, кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Бексултан Жакиевдин 85 жылдыгына арналган “Залкар талант, кыргыз драматургиясынын корифейи” аттуу китеп-көргөзмөсүнүн, “Өмүр өтөт билинбей” аттуу жаңы повесть-эссе китебинин бет ачарынын жана КМШ өлкөлөрүнүн “Искусство книги” XVIII конкурсунун сыйлоо иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чара Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү.

Иш-чара маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, акын-жазуучулар, ардагерлер, маданият кызматкерлери жана массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышуусунда өтүп, КМШ өлкөлөрүнүн “Искусство книги” XVIII конкурсунун дипломдору тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий