• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бел боо күрөшү боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Бишкекте бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 10-11-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болду.

Жеңүүчүлөр жана байге орун ээлери медаль жана дипломдор менен сыйланышты. Чемпионатка Бишкек, Ош шаарларынан жана 7 облустан 296 спортчу катышты.

Спорттук иш-чара Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Бел боо күрөшү боюнча федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий