• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте белгилүү актёр зордуктоого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.04.22. /Кабар/. Бишкекте белгилүү актёр зордуктоого шектелип кармалды. Маалыматты агенттикке шаардын Свердлов райондук милициясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Айрым ЖМКлардын маалыматына таянсак, шектүү акын Алыкул Осмоновду ойногон белгилүү актёр Ч. Мамаев.

Милициянын басма сөз кызматынан билдиришкендей, аталган факт Свердлов райондук милициясынын Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери) негизинде кылмыш иши козголду.

"Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Андан соң Свердлов райондук сотунун чечиминин негизинде камакка алынды. Тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти райондук милициядан.

Пикир

Оставить комментарий