• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгы белгиленди

Президент 0

Бишкек, 23.04.21./Кабар/. Бүгүн, 23-апрелде, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү опера ырчысы Болот Миңжылкыевдин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Театрдын холлунда Болот Миңжылкыевдин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө көргөзмө уюштурулган. Салтанаттуу иш-чаранын алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров аталган көргөзмө менен таанышып чыкты.

Иш-чаранын жүрүшүндө белгилүү опера ырчысынын чыгармачылык жолу жөнүндө "Дүйнөнү дүңгүрөткөн бас" даректүү тасмасы көрсөтүлдү.

Президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөп, көрүнүктүү талант, операнын корифейи Болот Миңжылкыевдин кыргыз искусствосуна кошкон эбегейсиз салымын белгиледи.

Андан соң Болот Миңжылкыев атындагы IV Эл аралык опера искусство фестивалынын гала-концерти болду.

Пикир

Оставить комментарий