• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте белгисиз унаа жол жээгинде турган адамды сүзүп кетти – видео

Коом 0


Бишкек, 11.11.20. /Кабар/. Кечээ, 10-ноябрь күнү болжол менен саат 20:52де белгисиз унаа Жибек Жолу менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде турган адамды сүзүп кетти.

Милициянын кайгуул кызматынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, жол кырсыгынан жаракат алган 47 жаштагы Ш.М. аттуу жаран Улуттук госпиталга жеткирилген.

Учурда милиция кызматкерлери жөө адамды сүзүп кеткен айдоочуну издеп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий