• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте беш унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Бишкекте беш унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-майда саат 10.00дөр чамасында Бишкектин Байтик Баатыр жана Масалиев көчөлөрүнүн кеслишинде Nissan, Daewoo Nexia, Toyota, Lexus жана Ravon үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен "Нексия" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жабыркаган.

Учурда жеринде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий