• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте беш унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0


Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. Бишкекте күн мурун Жибек-Жолу-Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде беш унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсык болжол менен түнкү саат 22:55те болгон.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын басма сөз кызматы билдиргендей, «Мазда Демио», «Хонда Фит», «Субару Форестер» жана «Форд Фокс» автоунаалары жол чырагында токтоп турушкан. Ошол кезде «Опель» унаасынын айдоочусу аралыкты байкабай алдыда тизилип турган унааларды келип сүзгөн.

Учурда унаалардын баардыгы айып жайына токтотулган. Тиешелүү экспертизала дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Видео Telegram`дагы Короче тайпасынан алынды: https://t.me/korochekg

Пикир

Оставить комментарий