• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте бий биринчилиги өтөт - ага чет элдик бийчилер катышат

Маданият 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Movement Dance Battle VOL.2 бий биринчилиги башталат. Чет элдик бийчилер катышкан мелдешке шаар тургундары чакырылууда. Бул иш-чара тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында бийчи Жан Воинов айтып берди.

Анын айтымында, бул жылы жарышты уюштурууда убакыт кыска болгондуктан демөөрчү менен маселе жаралган. Мындан улам алар АКШнын Кыргызстандагы элчилигине кайрылышып, элчилик макулдугун берген.

"Кесипкөй бийчилерден бийди үйрөнүшү үчүн мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеп жатабыз. Кечээ биринчи мастер-класстар өттү. Аны АКШдан келген коноктор өткөрдү. Бүгүн тандоо туру өтөт. Эртең финалдык күн болот", - деди ал.

Жарыштар Asia Mall соода борборунда өтөт. Биринчиликте Россиядан келген конок Mc Kazak (Борис Казаков) алып баруучу болот. Ал Кыргызстанга биринчи ирет келген. Казаков сөзүндө ак кар баскан тоолорду жактырганын айтып өттү.

"Бүгүн ири окуя болот. Ал муну менен алектенгендерге гана эмес, бул спорт түрү менен таанышкысы келгендер үчүн кызык болот", - деди Казаков.

Пикир

Оставить комментарий