• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоо улантылууда

Коом 0

Бишкек, 17.08.21. /Кабар/. Бишкекте билим берүү мекемелерин жаңы окуу жылына даярдоо улантылууда, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Октябрь районунун башчысы Мирлан Эшкожоев мектеп жана бала бакчанын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

№39 мектеп-гимназияда чатыры жана сантүйүндөрдү алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө. Ал эми № 14 орто билим берүү мектептеринде жылытуу системасын жарым-жартылай алмаштыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Жакында оңдоо иштери аяктайт.

№ 109 бала бакчасында жылытуу системасы оңдолууда, чоюн батареяларын орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Көчмө кеңешменин жыйынтыгы боюнча Октябрь райондук билим берүү борборуна райондук социалдык объектилер боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук тизмесине ылайык (мектептер жана бала бакчалар) жүргүзүлүп жаткан иштерди контролго алуу тапшырмасы берилди. Ал эми жооптуу кызматтарга даярдыкты белгиленген мөөнөттө бүткөрүү тапшырмасы коюлду.

Пикир

Оставить комментарий