• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте билим берүү мекемелеринде медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Бишкекте өткөн тегерек столдун жүрүшүндө Кыргызстандын мектептеринде медициналык тейлөөнү жакшыртуу боюнча аткарылган пландын жыйынтыгы каралды.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери, медицина кызматкерлери, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаеванын айтымында, Ага Хан фондунун колдоосу менен республиканын мектептеринде медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча ишке ашырылган буйруктун жылдык жыйынтыгы чыгарылды.

«КР президенти мектеп медицинасын өнүктүрүүгө маани берип, ага 2026-жылга чейинки Улуттук программада чоң бөлүк берилген. Азыр бул багытта мыйзамдык базабызды өркүндөтүп жатабыз.

Кыргызстанда 2 миңден ашык мектеп бар, миллиондон ашык бала окуйт. Мектеп окуучуларынын ден соолугун чыңдоого жетишүү, алардын көрсөткүчтөрүн медициналык тейлөөнү жакшыртуу аркылуу гана ишке ашырууга болот. Бирок өлкөнүн мектептеринин 22,5%ында гана медкабинеттер жана медициналык кызматкерлер бар. Калгандарында медкабинеттер да, медициналык кызматкерлер да жок.

Биз эсептөөлөрдү жүргүздүк, бардык мектептерге 1,2 миңден ашык дарыгер, 1,8 миң медайым керек. Бул абдан чоң сандар. Дарыгерлерге стимул берүү менен бирге мектептерди жакынкы ФАПтарга бекитип берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатабыз. Мындай мүмкүнчүлүк жок жерге өзүнчө медициналык кызматкерлерди жиберип, мектептерди медкабинеттер менен камсыз кылууга аракет кылабыз», - деди ал.

Тегерек үстөлдүн катышуучулары жалпы билим берүү уюмдарындагы медициналык кызматкерлер үчүн колдонмо жана медициналык ЖОЖдордун окутуучулары үчүн “Жалпы билим берүүчү уюмдардагы медициналык тейлөө» курсу боюнча окуу-методикалык китепчеси менен таанышышты.

«Саламаттыкты сактоо тармагына көңүл бурулмайынча өлкөнүн жана коомдун өнүгүшү мүмкүн эмес. Биз алыскы айылдарга өзгөчө көңүл буруу менен, коомдун бардык катмарларынын медициналык тейлөөгө бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга умтулуп жатабыз.

Мектеп медицинасын өркүндөтүү боюнча иштер ден соолук жана тамактануу программасынын алкагында жүргүзүлөт, ал эки милдеттен турат: 1) саламаттык сактоо системасын чыңдоо, эненин жана баланын ден соолугун, ошондой эле репродуктивдүү ден соолукту чыңдоо; 2) аялдар уюмдарына өзгөчө көңүл буруу менен жарандык коомду чыңдоо аркылуу гендердик теңчиликти илгерилетүү.

Өз ишибизди долбоорлоодо биз адамга багытталган ыкманы колдонобуз, бул чечимдерди иштеп чыгуу процессине алар кимдер үчүн иштелип жатса, ошолорду тартууга мүмкүндүк берет.

Маселен, бул долбоордун алкагында жамааттардын катышуусу менен өспүрүмдөр үчүн чөйрөнү кантип жакшыртабыз деген милдетти койгонбуз. Үч айылдагы иштердин жыйынтыгында «Өспүрүмдөрдүн өнүгүү жолу» долбоору иштелип чыкты, ал ар кандай деңгээлдеги кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн бир нече компоненттерди камтыйт», - дейт Кыргызстандагы Ага Хан фондунун жетекчиси Давлатсултон Доргабекова.

Тегерек үстөлдө мектеп окуучуларын санитардык - гигиеналык жактан тарбиялоого багытталган «Сергек жашоо образы» программасы сунушталды. Ошондой эле билим берүү мекемелеринде окутуунун шарттарына жана уюштурулуусуна карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга толуктоолорду киргизүү боюнча долбоор талкууланды. Документтин долбоору мектептердин жетекчилери, аймактардагы медицина кызматкерлери менен талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий