• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте билим берүү мекемелеринин курулуш иштери кызуу жүрүүдө

Коом 0


Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров жаңы окуу жылына карата мамлекеттик бюджеттин эсебинен 15 мектеп жана 5 бала бакча курууну тапшырган. Бул максаттарга республикалык бюджеттен 2,5 млрд сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.

Мамлекет башчынын тапшырмасынын алкагында учурда Бишкекте билим берүү мекемелеринин курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

2021-жылдын жайында башталган Кара-Жыгач конушундагы бала бакчанын курулушу июлда аяктап, пайдаланууга берилет. Учурда имараттын ичи-сырты шыбалып жатат.

Куруучу Элмир Эргешовдун айтуусуна караганда, курулуш иши кызуу жүрүүдө. “Курулуш иштерин 1-2 айдын ичинде, тактап айтканда, августка чейин бүткөрүү пландалууда”, - деди ал.

Курулушу жүрүп жаткан балдар бакчасында бөбөктөр үчүн атайын ойноочу аянтчада гимнастикалык көнүгүүлөрдү жасоочу жабдуулар да орнотулмакчы.

Жарым гектарды ээлеген аянтка салынып жаткан эки кабаттуу бала бакча 1 миң 300 чарчы метрди түзөт. 140 балага ылайыкташкан имараттын сметалык баасы 44 млн сом.

Ал эми 7 миңге жакын түтүн жашаган Рухий-Мурас конушунда мектеп жок болгондуктан, балдар шаар ичиндеги ар кайсы билим берүү мекемесине барып окууга аргасыз. Эми бул көйгөй чечилгени турат. Анткени окуучулар үчүн 200 млн сомго жакын каражатка учурда 700 орундуу мектеп курулууда.

Бишкек мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси Нуржума Баратовдун айтуусуна караганда, мектеп үч блоктон турат.

"Биринчи блогу окуу менен жыйындар залынан, экинчиси окуу блогунан, үчүнчү блогу спорттук залдан турат. Балдар үчүн тамактануучу жайлар, китепкана болот", - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарындагы жаңы конуштарда жалпысынан 7 мектептин курулушу жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий