• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте билим берүү мекемелеринин жарымынан көбү 50-жылдары курулган

Коом 0

Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Бишкекте билим берүү мекемелеринин 60%ы 50-жылдары курулган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова билдирди.

"Өлкөдө санитардык нормалар бузулууда. Мектептер ашыкча толгондуктан айрым маселелер болууда. Анын өзүнүн объективдүү себептери бар", - деди ал.

Анын айтымында, жакынкы арада ишке ашыруу пландалып жаткан мектеп психологдорун, дефектологдорун орундарын түзүү жоопкерчиликтүү жана бюджет үчүн оорчулук алып келе турган иш.

"Бирок, ага карабай ал керектүү иш экенин түшүнүп жатабыз. Биз ошондой эле билим берүү мекемелерибиз эскиргенин түшүнүп жатабыз – 60%ынан көбү 50-жылдары курулган", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий