• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте билим берүүнүн мыктылары сыйланды. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 04.10.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарында өлкө аймагынан келген мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттукташты. Иш-чара Улуттук филорманияда өтүп, агартуучуларды КР президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков жана Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов куттукташты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мурдагы билим берүү министрлеринин он төртү жана он беш эл мугалимдери чакырылды.

Өлкө боюнча тогуз педагог “Жылдын мыкты мугалими” наамын алса, “Жылдын мыкты мектеби” “Жылдын мыкты бала бакчасы” номинациялары боюнча да тогуздан мыкты билим берүү мекемелери аныкталды.

“Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты мектеби” жана “Жылдын мыкты бала бакчасы” номинациялары боюнча жалпы 27 мугалим, тарбиячы жана мектеп директорлору сыйланышты. Аларга ардак грамота, ноутбук белекке берилип, айрымдары “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси наамын алышты.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, мугалим деген улуу атты – адамдарды чексиз сүйгөн, боорукердик менен акылмандыкты айкалыштырган, тазалык менен адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөткөн инсандар алып жүрөрүн белгиледи.

Ошондой эле Каныбек Исаков мурдагы билим берүү жана илим минстрлеринен жана эл мугалимдеринен турган эки кеңешме түзүлө турганын айтып, алардын кеп-кеңештери, тажрыйбасы билим берүү системасын реформалоого жардам боло турганын белгиледи.

"Министр бул кеңештер менен квартал сайын жыйын өткөрөт", - деп кошумчалашты аталган министрликтин басма сөз кызматы.

Сыйлоо аземинин соңунда келген конокторго концерттик программа уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий