• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте "Билим берүү, окутуу аркылуу тынчтыкты жана коомдук биримдикти чыңдоо" конференциясы өттү

Коом 0

Бишкек, 10.02.20./Кабар/. Бишкекте "Билим берүү жана окутуу аркылуу тынчтыкты жана коомдук биримдикти чыңдоо” аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Конференциянын иши мамлекеттик органдардын, билим берүү жана илимий-изилдөө институттарынын, жаштарды өнүктүрүү боюнча коомдук бирикмелеринин жана жарандык секторлунун өкүлдөрү ортосунда туруктуу өнүгүү жана коомдук биримдикти чыңдоо кызыкчылыгындагы билим берүүнүн негизги аспектилери боюнча тажрыйба алмашууга багытталган.

Сапаттуу билим алуу балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө жана алардын коомдун туруктуу өнүгүү процесстерине жигердүү катышуусун ишке ашырууда маанилүү ролду ойнойт. Туруктуу өнүгүү жаатындагы 4-чү максатына (ТӨМ 4) ылайык, сапаттуу билим алуу адамдардын жашоо шарттарын жакшыртууга жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга негиз түзөт.

"Сапаттуу билим берүү тынчыкты жана коомдук биримдикти чыңдоо аркылуу туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга жана ушул багытта балдардын дараметин күчөтүүдө маанилүү ролду ойнойт. Балдар жергиликтүү коомчулук, өлкөнүн жана жалпы эле региондук денгээлде тынчыкты сактоодо жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууда кыймылдаткыч күч боло алышат", - дейт Кыргызстандагы Ага Хан фондунун өкүлү Асель Доромбаева.

Конференцияда Кыргыз Республикасынын экс-президенти жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун төрайымы Отунбаева Роза Исаковна, Билим берүү жана илим министринин орун басары Джусупбекова Надира Сынташевна, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Чарльз Гарретт, Ага Хан Өнүктүрүү Уюмунун Кыргызстандагы дипломаттык өкүлү Шамс Кассим-Лакха жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Конференция Кыргызстандагы Ага Хан Фонду жана ЮНИСЕФ менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Британия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий