• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте билим берүү тармагындагы кыргыз-австрия кызматташтыгы талкууланды

Билим 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Бишкекте билим берүү тармагындагы кыргыз-австрия кызматташтыгы талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов Австриянын eee Austria International projects GmbH делегациясы менен билим берүү тармагындагы долбоорлорду, Австриядан каржылоо мүмкүнчүлүгү жана жеңилдетилген насыя берүү менен электрондук чечимдерди ишке ашыруу планын талкуулады.

Ошондой эле тараптар 29-сентябрында Бишкек шаарында өткөн экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-австрия өкмөттөр аралык комиссиянын VIII отурумунун жана кыргыз-австрия бизнес-форумунун маселелерин карап чыгышты.

Жолугушууга Австриялык делегациянын курамында eee Austria International projects GmbH башкаруучу директору Стефан Дюсс жана аталган долбоорду иштеп чыгуучу Давид Винклер катышты.

Пикир

Оставить комментарий