• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстан менен Татарстандын билим берүү министрлери кызматташтыкты талкуулады

Билим 0

Бишкек, 19.11.21. /Кабар/. Кечээ, 18-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев менен Татарстандын билим берүү жана илим министри Ильсур Хадиуллиндин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыктын актуалдуу жана келечектүү маселелерин талкуулашты.

Тараптар Кыргызстан менен Татарстандын ортосунда билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтыкты арттыруу жана кеңейтүү үчүн бир катар маселелер бар экенин эске алып, практикалык айдыңда биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн биргелешкен жол картасын иштеп чыгуу жана бекитүү аркылуу комплекстүү жана жигердүү иш жүргүзүү зарыл экенин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча алдын ала сүйлөшүүлөргө ылайык, биргелешкен жол картасынын долбооруна төмөнкү маселелер киргизилет:

- КРнын тийиштүү башталгыч жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын базаларында маалыматтык технологиялар, кен казуу, тигүү өнөр жайы, айыл чарба, туризм, полиграфия тармагында суроо-талап жараткан жана жаңы кесиптер боюнча жаш адистерди чогуу даярдоо үчүн биргелешкен ресурстук борборлорду түзүү;

- соңунда бир тараптын да, экинчи тараптын дагы билим жөнүндөгү документтерин алуу үчүн биргелешкен окуу программаларын иштеп чыгуу жана биргелешкен илимий башкаруу практикасын өнүктүрүү;

- WorldSkills кыймылынын алкагында кесиптик билим берүү уюмдарын, кесиптик көндүмдөрдү жана компетенцияларды өнүктүрүү боюнча биргелешкен программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- эки өлкөнүн билим берүү уюмдарын интеграциялоодо, окутууда жана окууда, ошондой эле билим берүү системасын жаңы технологиялар менен жабдууда өз ара тажрыйба алмашуу;

- диний чөйрөдөгү адистерди даярдоодо тажрыйба алмашуу жана башка.

Белгиленгендей, жолугушуу жылуу, достук жана конструктивдүү маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий