• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бир апта ичинде 61 мас айдоочу кармалды

Коом 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 16-июлдан 22-июлга чейин Бишкектин аймагында 4 миң 196 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталды.

Кайгуул кызматынан билдиргендей, алардын ичинен:

- Мас абалында авто унаа башкаруу - 61 айдоочу;

- Авто унаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 5;

- Айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу - 78; - Жол эрежесин бузган жөө жүргүнчүлөр - 149;

- Жасалма номер менен жүргөн - 3;

- Башка жол эрежелерин бузуулар – 3 миң 900.

“286 унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий