• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте бир апта ичинде жол эрежесин бузуу боюнча 4 миң факты катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Бишкекте 6-12-майда жол эрежесин бузуу боюнча 4 миң 86 факты катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Алардын ичинен:

- Мас абалында унаа башкаруу - 95 айдоочу;
- Унаанын терезесин караңгылатуу - 16;
- Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 65;
- Жөө жүргүнчү, велосипедчендер тарабынан жол эрежесин бузуу - 321;
- Коопсуздук курун тагынбоо жана мотошлем кийбөө - 940;
- Башка бузуулар - 2 миң 107.

Айып аянтчасына жалпы 542 унаа токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий