• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте бир күн ичинде 640 адам коронавируска чалдыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Бишкекте бир күн ичинде 640 адам коронавируска чалдыгып, 228и сакайды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Ленин районунда 260, Биринчи май районунда 134, Октябрь районунда 91 жана Свердлов районунда 98 адам ооруга кабылды.

“Мындан сырткары, дарыгерлердин көзөмөлүндө 7 миң 268 адам, алардын ичинен 2 миң 919унда оорунун белгилери байкалган эмес. 4 миң 349 жаран үй карантининде”, - дейт ал.

Коронавирус боюнча маалымат берген 118 номерине сутка ичинде 1 миң 42 кайрылуу түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий