• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте бир күн ичинде паспорту жана маршруттук кагазы жок 64 жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген

Коом 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарында бир күн ичинде өздүгүн тактаган документи жана маршруттук кагазы жок 64 жаран милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, 64 жаранга карата ар кандай тартип бузуулар боюнча 139 протокол түзүлгөн.

"Милициянын кайгуул кызматы тарабынан райондук ички иштер башкармалыктарына 36 жаран жеткирилген: 20 эркек, 16 аял киши. Жол эрежелерин бузган жарандардын саны 116", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий