• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте бир күндө 25 кылмыш жасалат - ШИИБ

Коом 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. 2017-жылдын 6 айында Бишкекте 4 миң 683 кылмыш катталган. Алардын 3миң 411нин бети ачылды,- деп билдирди ШИИБ.

Маалымдалгандай, кылмыштардын бетин ачуунун саны өсүп жатат.

Ошондой эле, алты айда Бишкекте 188 митинг өтүп, алардын 90у саясий багытта болсо, социалдык-экономикалык жана турмуш шарттарына байланышкан - 98, 155 соттук процесстер жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары аталган ведомство кылмыштардын бетин ачуу, аны иликтөөдөн тышкары кылмыштарды болтурбоо, алдын алуу багытында чоң иштер жасалып жатканын баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий