• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте бир күндө автоунаасынын терезесин караңгылаткан 20 айдоочуга 110 миң сом айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.12.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери бир сутка ичинде терезелерин атайын караңгылатып алган 20 автоунааны аныктап, 110 миң сомго айып салды.

Кайгуул кызматынан кабарлашкандай, акыркы күндөрү Бишкек шаарынын аймагында автоунааларынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын мыйзамсыз караңгылатып алган учурлар көп байкалууда.

Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу жана мыйзамда көрсөтүлгөн эрежелерди сактоо багытында кайгуул кызматкерлери атайын профилактикалык иш-чара жүргүзгөн.

"3-декабрь күнү автоунаасынын терезесин караңгылаткан 20 айдоочу аныкталып, КРнын Укук бузуулар тууралуу кодексинин 194-беренесинин 3-бөлүмүнүн негизинде тийиштүү протоколдор толтурулуп, 110 миң сомдук айып салынды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий