• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бир күндө жугуштуу оорулар ооруканасына 175 адам кайрылган

Ден соолук 0

Бишкек, 11.03.20. /Кабар/. Кечээ, 10-мартта Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасына 175 адам кайрылып, алардын 198и балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кайрылгандардын ичинен 55и ооруканага жаткырылган, аларын 45и жаш балдар.

"Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 16 адам кайрылса, алардын 10у ооруканага жаткырылып, 6 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 26 адам кайрылган, алардын 13ү ооруканага жаткырылып, 13 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлдү", - деп кошумчалашты министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий