• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте бир катар троллейбустар убактылуу жүрбөй калды

Коом 0

Бишкек, 06.02.19 /Кабар/. Бишкек шаарында бир катар троллейбустары убактылуу жүрбөй калды. Бул тууралуу мэрия маалымат кызматы кабарлады.

Бишкектин троллейбустук башкармалыгындагы подстанцияда авариялык абал жаралган. Ошонун кесепетинен 11, 14, 2, 9 жана 7-каттамдагы троллейбустар убактылуу жүрбөй турат.

Азыркы учурда Манас проспекти боюнча Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектине чейин, Киев көчөсү боюнча жана Жибек-Жолу проспектинде троллейбустар токтоп турат.

Пикир

Оставить комментарий