• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте бир катар жол түйүндөрү курулат. Мэрия эскиздерин жарыялады

Коом 0

Бишкек, 15.03.23. /Кабар/. "Бишкек шаарынын жол-транспорт системасын өнүктүрүү концепциясы" (3-фаза) долбоорунун алкагында Кытай грантынын эсебинен транспорттук түйүндөрдү, өтмөктөрдү жана башка объекттерди куруу каралууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошентип, планда:

- Л. Толстой-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде эки деңгээлдеги жол түйүнү курулат. Аталган түйүндүн курулушу Бишкек шаарынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү автотранспорт каражаттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет;

- Т. Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрү аркылуу Л. Толстой көчөсүнө чыгуучу темир жол аркылуу өтүүчү жолдор;

- Л. Толстой көчөсү - Жаш Гвардия бульвары менен кесилишине Жаш Гвардия бульварынан Э.Матиев көчөсүнө чейин Ала-Арча дарыясына көпүрө салуу менен транспорттук түйүн куруу. Бул түйүндүн курулушу Жаш Гвардия бульвары менен Л.Толстой көчөсүн бойлой батыш багытында автотранспорттордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатат;

- Анкара - 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдеги транспорттук-эстакадалык көпүрө куруу.

Белгиленгендей, учурда аталган объекттер жана техникалык документтер Кытай тараптын кароосунда турат.

Пикир

Оставить комментарий