• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте бир киши мектепке кирип кызды зордуктоого аракет кылган

Коом 0

Бишкек, 16.02.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте бир киши мектепке кирип, окуучу кызды зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга 9-февралда “Тунгуч” кичи районунда жайгашкан №73 мектептен билдирүү түшүп, анда белгисиз адам жашы жете элек кызды зордуктоого аракет кылганы айтылган.

Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери 1990-жылы туулган М.М., аттуу жаранды кармашкан. Ага карата кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен ал СИЗОго эки айга камалды.

Маалыматка ылайык, кызды зордуктоо фактылары табылган эмес.

Кылмышка шектүү мас абалында мектептин имаратына кирип, дааратканада кызды зордуктоого аракет кылган.

Пикир

Оставить комментарий