• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкердин өкүлү добуш сатып алуу фактысы менен кармалды

Коом 0


Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. Бишкекте бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкердин өкүлү добуш сатып алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ЖК депутаттыгына талапкердин биринин добуштарды сатып алуу фактысы боюнча УКМК КР Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган кылмыштын негизинде ("Шайлоочуларды сатып алуу") фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүү учурунда Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин биринин ишенимдүү адамы, КР жараны С.М.О. кармалды.

Такталгандай, КР ЖК депутаттыгына талапкердин жакын тууганы болгон С.М.О. "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамды бузуу менен Бишкек шаарынын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөндүгү аныкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө соттун санкциясы менен акча каражатын бөлүштүрүү учурунда пара менен кармалган С.М.О.нун добуш сатып алуу фактылары боюнча төгүндөлгүс фактылар табылган. С.М.О. жана анын унаасын тинтүүдө шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизмеси менен ири суммадагы акча каражаты алынган.

Сурактын жыйынтыгы менен кармалган С.М.О. КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Учурда жогорудагы фактыларды аныктоо жана документтештирүү, ошондой эле шайлоочуларды сатып алуунун жогорудагы мыйзамсыз схемасына тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

УКМК депутаттыкка талапкерлер учурдагы шайлоо мыйзамдары жана саясий партиялар тарабынан КР шайлоо мыйзамдары бузулган учурда мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

КР УКМК нөөмөт бөлүмүнүн телефону: (0312) 62-05-85 (Бишкек шаары боюнча), ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктардагы ишеним телефондорго кайрылсаңыздар болот:

• Чүй облусу: (0312) 54-07 19;

• Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;

• Ош облусу: (03222) 2-30-78;

• Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;

• Талас облусу: (03422) 5-20-43;

• Нарын облусу: (03522) 5-08-49;

• Баткен облусу: (03622) 5-00-33.

\

Пикир

Оставить комментарий