• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкек мэриясы мыйзамсыз курулган объектилерди түрттүрүүнү улантууда

Коом 0

Бишкек, 29.11.18. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз тургузулган объектилерди түрттүрүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы Горький менен Фатьянов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу тамды курчаган 60 метрлик темир тосмосун алдырган.

Ошондой эле Жал кичи районундагы №67/1 үйдүн жанында орнотулган объектилер түрттүрүлдү.

Жарандардын Жал кичи районунун Ахунбаев көчөсүндө №107 дарегинде орнотулган соода күркөсүнө карата айтылган арыздануулары боюнча башкармалыктын кызматкерлери жерине барышкан. Соода күркөсүнүн ээсине ал ээлеген жер тилкесинин тастыктоочу документтерин көрсөтүү боюнча кат берилген. Бирок, ал тийиштүү документтерди көрсөтпөгөндүктөн соода күркөсү алынган.

Пикир

Оставить комментарий