• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте бир сутка ичинде 4 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды

COVID - 19 0

Бишкек, 21.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкекте бир сутка ичинде 4 медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бир күн ичинде стационарлардан 2 медкызматкер сакайып чыкты.

"Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 270 учур катталды, алардын ичинен 223 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 1313кө жетти. Алардын ичинен 270и медицина кызматкери. Илдеттен 929 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 14 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий