• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте бир суткада COVID-19дун 56 жаңы учуру катталды. Мэрия санитардык талапты күчөттү

Коом 0

Бишкек, 23.03.21. /Кабар/. Бишкекте акыркы суткада коронавирус инфекциясынын 56 жаңы учуру катталды, алардын ичинен 46сынан COVID-19 табылган, калганы - пневмония. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, 23-мартка карата жалпы аныкталган оорулардын саны 29 миң 645 болсо, анын 13 миң 89у пневмония менен ооругандар.

«Азыркы учурда эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө, бирок бири-бирибизди жана шаарыбызды сакташыбыз керек. Ушуга байланыштуу социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаеванын тапшырмасы боюнча санитардык көзөмөл жана чарба жүргүзүүчү субъекттер боюнча мобилдүү топтор тарабынан текшерүүлөр күчөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, өндүрүштүк көзөмөл жана санитардык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчилик бардык жетекчилерге жүктөлөт.

Пикир

Оставить комментарий