• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте бир суткада коронавирустун 138 жаңы учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Бишкекте өткөн суткада коронавирус инфекциясынын 138 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде Мамэпидкөзөмөл боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Дарыгердин айтымында, анын ичинен лабораториялык тастыкталган – 95 учур, клиникалык-эпидемиологиялык пневмония – 43 учур.

“Шаардыктар арасында 123 учур катталган. Ленин району – 41, Биринчи май району – 25, Свердлов району – 30, Октябрь району – 27 учур. Башка облустардан илдет жуктуруп алган 15 адам каттоого алынды. Клиникалык симптомдору бар 124 адам, ал эми 14 адам симптомсуз кайрылышкан”, - деди ал.

Анын маалыматы боюнча, бир суткада стационарларга 58 адам жаткырылып, 80 адам амбулатордук түрдө дарыланышууда.

Рыскулбекова жарандарды жана борбор калаага келген конокторду санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий