• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте бир суткада коронавирустун 148 жаңы учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Бишкекте өткөн суткада коронавирус инфекциясынын 148 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде Мамэпидкөзөмөл боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Дарыгердин айтымында, анын ичинен лабораториялык тастыкталган – 135 учур, клиникалык-эпидемиологиялык пневмония – 13 учур.

“Шаардыктар арасында 134 учур катталган. Ленин району – 46, Биринчи май району – 38, Свердлов району – 20, Октябрь району – 31 учур. Башка облустардан илдет жуктуруп алган 14 адам каттоого алынды. Клиникалык симптомдору бар 134 адам, ал эми 14 адам симптомсуз кайрылышкан” ,- деди ал.

Анын маалыматы боюнча, бир суткада стационарларга 34 адам жаткырылып, 114 адам амбулатордук түрдө дарыланышууда.

Рыскулбекова жарандарды жана борбор калаага келген конокторду эпидемиологияга каршы эрежелерди сактоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий