• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте бир суткада коронавирустун 211 жаңы учуру катталып, 2 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Бишкекте өткөн суткада коронавирус инфекциясынын 211 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде Бишкектеги Бириккен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова билдирди.

Дарыгердин айтымында, анын ичинен лабораториялык тастыкталган – 156 учур, клиникалык-эпидемиологиялык пневмония – 55 учур. Эки адам каза болгон.

“Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 22 мобилдик бригада иштеп жатат”, - деп кошумчалады ал.

Искакова белгилегендей, учурда Бишкекте коронавирус инфекциясын жана пневмония ооруларын дарылоо үчүн 1067 орундуу 9 стационар иштеп жатат. Бүгүнкү күнгө карата стационарларда 821 бейтап дарыланууда. 246 бош орундук бар.

“Бишкекте "Синофарм" вакцинасынын биринчи дозасын 3590 адам алса, ал эми экинчи дозасын 197 адам алды. Ал эми "Спутник V" вакцинасы менен 1937 адам эмделди”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий