• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектин ҮДБларында 9 көчмө мобилдик бригада жана 118 кызматы ишин улантууда

COVID - 19 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Бишкекте акыркы өткөн суткада 345 жаңы учур аныкталган. Бул тууралуу шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматына таянып, муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын 303ү симптомдору менен, 42си симптомсуз алып жүрүүчүлөр. 32 адам ооруканага жаткырылды. Тилекке каршы, 2 адам каза болду.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда 9 көчмө мобилдик бригада жана 118 кызматы ишин уланууда.

Коронавирустук инфекциянын жайылышын азайтуу максатында, санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо: беткап кийүү, колду дезинфекциялоо, имараттарды желдетүү, коомдук иш-чараларга барбоо зарыл.

Ошондой эле борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн 81 убактылуу эмдөө пункттары жана мобилдик топтор ишин улантууда.

Каалоочулар төмөнкү вакциналар менен эмдесе болот: «Sinopharm», «AstraZeneca», «Moderna», «Pfizer» и «Спутник Лайт».

Пикир

Оставить комментарий